Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары кызматына Осмон Турдумамбетов шайланды.
Бул тууралуу парламенттин 4-февралдагы жыйынында маалым болду.
Добуш берүүдө Осмон Турдумамбетовдун талапкерлигин 74 депутат колдоп, бирөө каршылыгын билдирди. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.