Биз менен байланышыңыз

Арипов Мариповду куттуктады

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 574 | 1

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Абдулла Арипов Кыргызстан менен Өзбекстандын бакубаттуулугу үчүн көптөгөн багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоого ишенимин билдирди.

Улукбек Мариповго ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Улукбек Марипов 3-февралда дайындалып, дароо ант берип, расмий ишке киришти. Ал сунуштаган өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы коомдо ар кандай пикирлерди жаратты.

Марипов буга чейин Эсептөө палатасын башкарган. Ага чейин президенттик аппаратта ар кандай кызматтарда иштеген.

1 пикир

1 пикир

  1. Соке

    04.02.2021 17:05

    Өзбекстандын премьер-министри дебей Арипов-Марипов депсиңер го 😄
    Эшмат Ташматти куттуктаптыр кыскасы. Ушу Садырыңар башында турган эргулдарыңар кыйратып жиберсинчи бир, чала бандиттердин сволуштары

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM