Биз менен байланышыңыз

Жапаров өкмөткө тез арада антикризистик программа иштеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 695 | 0

Президент Садыр Жапаров 3-февралда өлкөнүн жаңы Өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Анда Садыр Жапаров бүгүнкү күндүн биринчи кезектеги маселелерин чечүү үчүн ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Анын негизгилери — мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана негизсиз бюрократияны жок кылуу милдети.

Президент Өкмөттүн антикризистик программасын кыска мөөнөттө иштеп чыгуу, ишкерлерге жана инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууну ташырды.

3-февралда Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында ант берди. Ага президент Садыр Жапаров да катышты.

Расмий түрдө ишке киришкен өкмөттүн курамы мурдагыга салыштырмалуу 22ден 16га кыскартылган.

Copyright © 2017 Maral FM