Биз менен байланышыңыз

Парламент өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын колдоду

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 1037 | 0

Жогорку Кеңеш 3-февралдагы жыйынында өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Мариповду, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн бир добуштан колдоп берди.

Жыйын учурунда бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, жаңы Өкмөттүн түзүмүнө, курамына байланышкан сунуштар берилди.

Өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:

1. Улукбек Марипов, Премьер-министр
2. Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр
3. Улукбек Карымшаков, Экономика жана финансы министри, вице-премьер-министр
4. Жеңиш Асанкулов, Өкмөттүн аппарат жетекчиси
5. Руслан Казакбаев, Тышкы иштер министри
6. Таалайбек Өмүралиев, Коргоо министри
7. Аскар Жаныбеков, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри
8. Кубанычбек Турдубаев, Энергетика жана өнөр жай министри
9. Улан Ниязбеков, Ички иштер министри
10. Гүлмира Абдралиева, Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри
11. Бообек Ажикеев, Өзгөчө кырдаалдар министри
12. Асел Чынбаева, Юстиция министри
13. Кайрат Иманалиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
14. Алмазбек Бейшеналиев, Билим берүү жана илим министри
15. Алымкадыр Бейшеналиев, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри
16. Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы

Улукбек Марипов 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырылганын айткан. Анын сегизи жаңы сунушталган талапкерлер, калганы өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер.

Улукбек Мариповдун өмүр баяны:

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Ош техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетин финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1997-2001-жылдары — «Кызыл-Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

2001-2002 — Каржы министрлигинде жетектөөчү адис;

2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы;

2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы;

2005-2006 — Жогорку Кенештин депутатынын консультанты;

2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн эксперти;

2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор;

2010-жыл — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси;

2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – Өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор;

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин – Президенттин жардамчысы;

2015-жылы — Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;

2016-жылдан бери Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштеп келет.

Марипов мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.

Copyright © 2017 Maral FM