Биз менен байланышыңыз

КР эл артисти, ырчы Султан Каримов Түркиядан дарыланат

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 3 Фев 2021 | 3241 | 0

КР эл артисти Султан Каримов 7-февралда Түркияга дарыланууга барат. Ырчынын айтымында, азырынча жетиштүү акча топтоло элек.

Буга  чейин маданият, шоу-бизнес өкүлдөрү Каримовдун ден соолугуна кабатырланып, интернет тармактары аркылуу жалпы элге кайрылуу жасашкан. Учурда алар ырчыга колдоо көрсөтүү максатында 10-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кайрымдуулук концерт берүүнү пландап жатышат.

Султан Каримовго 2015-жылы кант диабети, панкреатиттин оор формасы, полиартрит жана артроз, муундардын оорусу диагноздору коюлган. Учурда ал кант диабетинин 1-түрү менен жабыркап, тез аранын ичинде чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж. Эл артисти 5 жылдан бери кант диабети менен күрөшүп келет, ал буга чейин үй шартында дарыланып  жүргөн.

Жардам берүүнү каалагандар ЭЛСОМ аркылуу каражат которсо болот.

0(507) 42-05-42 — ЭЛСОМ

Copyright © 2017 Maral FM