Биз менен байланышыңыз

Министр: Эки жума ичинде бардык мектеп кадимки режимде окута баштайт

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 1138 | 0

Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү катталбаса, эки жума аралыгында бардык мектеп кадимки режимге кайтышы мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинин 2-февралдагы жыйынында Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев айтты.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова онлайн билим берүү качан бүтөрүн сурап, балдардын үй тапшырмалары азайтылышы керектигин өтүндү.

Бейшеналиевдин айтымында, Бишкек, Өзгөн, Араванда, Ош, Чүй Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кырдаал кооптуу.

«Бизге коронавирустун жаңы штаммы келбей турган болсо, анда эки жума аралыгында мектептердин баары кадимки тартипте иштеп баштайт», — деди Бейшеналиев.

Учурда 1-5-9-11-класстын окуучулары салттуу түрдө окуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM