Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн жаңы курамы жарыяланды. Тизме

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 6613 | 1

Бүгүн, 1-февралда Өкмөттүн жаңы курамы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Алдын ала маалыматка караганда, өкмөттө бир гана вице-премьер-министр калды. Мурда өкмөттүн төрт орун басары болчу.

Мындан тышкары, айрым министрликтер бириктирилди.

Өкмөттүн жаңы курамында бир эле вице-премьер болорун Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева да билдирген.


Акыркы премьер-министрдин дымагы жана планы


Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:

  • Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чыныбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
  • Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин бекитти.

2-февралда тармактык комитет карайт. Андан кийин өкмөттүн түзүмү менен курамы парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Өкмөттүн жаңы курамында Октябрь окуяларынан кийин дайындалган вице-премьер министрлер Элвира Сурабалдиева, Максат Мамытканов, Равшан Сабиров, Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жок.

Ошондой эле Маданият министри Нуржигит Кадырбеков да өкмөттүн жаңы курамына кирген эмес.

Буга чейин Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев да алмашары тууралуу сөз болгон. Бирок Бейшеналиев бүгүн кайрылуу жасап, аны президент колдогонун айткан.

Финпол менен Каттоо кызматы ИИМдин карамагына өткөрүлөт

1 пикир

1 пикир

  1. Бегимай

    02.02.2021 08:47

    Маданият Министри Нуржигит Кадырбеков оордунда калса болмок,маданиятты онуктуруу керек,саны бар сапаты жок ырчыларды жок кылуу керек болчу.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM