Биз менен байланышыңыз

Акыркы Премьер-министрдин дымагы жана планы

Саясат | 1 Фев 2021 | 1531 | 0

Парламенттеги көпчүлүк коалиция бүгүнкү жыйында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Марипов бул орунга «Республика-Ата Журт» фракциясынан сунушталган. Ал өз баяндамасында экономиканы калыбына келтирүү, пандемия, энергетика тармагындагы маселелер менен алек болорун айтууда.

Ал эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, өкмөттүн ишиндеги жасай турган пландары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, өкмөттүн азыркы түзүмү бир топ чачыранды. Ал кызматка келсе, министрликтердин санын кыскартып, оптимизацияга барат.

«Азыркы өкмөттүн курамы абдан чачыранды. Бир топ вице-премьер-министр бар. Эгер менин талапкерлигимди колдоп берсеңиздерөкмөттүн курамын, түзүмүн спикерге киргизебиз деп жатабыз. Анда өкмөт 22ден 16га чейин кыскарат. Өкмөткө караштуу мамлекеттик кызматтар, агенттиктер, фонддор боюнча кардиналдуу реформалар жүрөт. Экономика, Финансы министрликтери менен кирешелер боюнча өкмөткө караштуу мамлекеттик органдар бириктирилип, бир блок түзүлөт. Анын жетекчиси вице-премьер-министр макамына ээ болот», — деди Марипов.

Анын айтымында, азыркы айыл чарба жана суу чарба башкармалыктары бириктирилип, жаңы аталыштагы «Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги» түзүлөт. Анын курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилет. Ошондой эле Экономика жана Каржы министрлиги да бириктирилип, энергетика тармагын тейлеген өзүнчө министрлик түзүлөт.

Улукбек Марипов эгер аталган кызматка дайындалса, жаңы Башмыйзам күчүнө киргенге чейин иштейт. Жыйынга катышкан депутаттар Мариповду кыска убакыт ичинде натыйжалуу иштеп берүүгө чакырды.

Эсептөө палатасынын азыркы төрагасы Улукбек Марипов дээрлик 20 жылдан бери мамлекеттик кызматты аркалап келет. Эмгек жолунда көп жыл Президенттин аппаратында, Каржы министрлигинде жана башка да бир катар аткаруу органдарында иштеген. Өкмөт башчылыкка талапкер бул үчүн мамлекетке карыз экенин айтып, өмүрүнүн аягына чейин жигердүү иштеп берүү принцибин кармана турганын билдирди.

«Мен мамлекетке карызмын. Менин тажрыйба топтоом үчүн мамлекет 20 жыл инвестиция кылды. Мамлекетке өмүрүмдүн аягына чейин тикемден тик туруп, кызмат кылышым керек. Эч ким бул дүйнөдөн эч нерсесин көтөрүп кете албайт. Баарыбыз бир жерге барабыз, ошону унутпашыбыз керек. Менде принцип ушундай», — дейт Улукбек Марипов

Көпчүлүк коалиция жактырган маселе эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилет. Андан соң, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Белгилей кетсек, учурда премьер-министрдин милдетин Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтотуп, кийин 21-январда ал кызматын биротоло тапшырып, азыркы иштеп жаткан өкмөттүн курамы отставкага кеткен. Новиков башында турган аткаруу бийлиги өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин милдетин аткаруучу катары ишти уланта берет.

Copyright © 2017 Maral FM