Биз менен байланышыңыз

Былтыр чек ара режимин бузган 300гө жакын адам кармалган

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 281 | 0

2020-жылы чек ара режимин бузган 300гө жакын адам кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтарында айтылат.

Анын ичинен 165 адам мамлекеттик чек араны бузган, 41 адам мамлекеттик чек ара режимин бузган, ал эми 62 адам чек ара режимин бузгандыгы үчүн кармалган.

Чек арачылар тарабынан жалпы суммасы 55,5 млн сомдон ашык аткезчилик жүк кармалган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинде 96,6 млн сомду түзгөн мыйзамсыз ташылган 53 факт катталган, анын ичинен, 2,3 млн сомдон ашуун күйүүчү-майлоочу каражаттар жана 94,3 млн сомдон ашуун уруксат кагазы жок жүктөр кармалган.

2020-жылы коңшу өлкөнүн аймагына малдын өтүп кеткен 33 фактысы катталган.

Быллтыр мамлекеттик чек арадан 7 млн 780 миңден ашуун адам, 860 миңден ашуун транспорт каражаты өткөрүлгөн.

Ошондой эле чек арачылар тарабынан 1 миң 589 адамдын документтери туура эмес экендиги аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM