Биз менен байланышыңыз

Этникалык кыргыздар: Медициналык кеңеш алууда тоскоолдуктар бар

Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 870 | 0

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагында Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жүздөп саналат. Көчүп келгендер биринчи кезекте документ маселесинде жана медициналык кеңеш алууда тоскоолдуктар бар экенин айтышты.

«Марал» телерадио компаниясынын кызматкерлери Европа Биримдигинин колдоосу менен атайын дарыгер жана юристтин коштоосунда маалыматтык иш-чара уюштурду. COVID-19 илдетинен сактануучу жеке каражаттар жана маалыматтык китепчелер таркатылды.

Пандемия учурунда кызыл зонада иштеген, кардиолог Абдиашым Ташмаматов COVID-19 илдети, анын жаңы түрү, оорунун алдын алуу, санитардык эрежелер жана оорудан айыккандан кийинки реабилитациялык аракеттер тууралуу маалымат берди.

«Жарандарга жардам берүү — биздин адамдык милдетибиз. Колубуздан келишинче жардам бергенге аракет кылабыз. Көчүп келгендерге аймактык дарыгерлерге барып, өздөрүнүн көйгөйү тууралуу айтып берүү да оорчулукка турат. Ошондуктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек». 

 

Copyright © 2017 Maral FM