Биз менен байланышыңыз

Жетекчилиги талашка түшкөн музыкалык окуу жайга жаңы директор дайындалды

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 701 | 0

Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга Ильязбек Ташболот уулу директор болуп дайындалды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, Ильязбек Ташболот уулу окуу жайга 3 айлык сыноо мөөнөтү менен жетекчи болду. Ал буга чейин аталган окуу жайда иштеп келген.

Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга ырчы Самара Каримова жетекчи болууга аракет кылып, бирок эмгек жамаатынын нааразылыктарынан кийин баш тарткан.

Ал окуу жайга 2018-жылы дайындалып, бирок эки күндөн кийин кайра иштен алынган. Бул чечим үчүн ырчы министрликти сотко берип, утуп чыккан.

Быйыл 14-январда кызматка киришүү үчүн окуу жайга барып, бирок кабыл алынган эмес. 18-январь күнү кечинде окуу жайга бир топ кишинин коштоосунда барып, жетекчи отурган бөлмөнүн эшигин бузуп, ачкычын алмаштырып кетишкен.

19-январда жаңы жумуш ордунда отуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берген. Андан кийин 21-январда жетекчиликтен баш тартканын жарыялаган.

Самара Каримова директорлук кызматтан баш тартты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM