Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун ант берүү аземине миңден ашык конок чакырылган

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 454 | 0

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземине миңден ашуун конок чакырылган. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Инаугурация аземи эртең, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чарага катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Келген коноктордун баары коронавирус инфекциясына карата ПЧР анализдерин тапшырышы керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда. Ант берүү аземин чагылдыруу үчүн журналисттер киргизилбейт. Аны мамлекеттик телеканалдар түз алып көрсөтөт. Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында чоң экран орнотулуп, ошол жактан да көрүүгө болот.

Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлө баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM