Биз менен байланышыңыз

Даттануулардын негизинде 5 салыкчы кызматтан бошотулду

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 511 | 0

Салык кызматына 2020-жылы жарандардан 127 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын басымдуу бөлүгү: салык кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине байланыштуу, дагы бир катары ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарын сакталбагандыгы боюнча арыздар.

Мамлекеттик салык кызматы бардык кайрылуулар мыйзамдарга ылайык белгиленген мөөнөттө каралганын маалымдады.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 51 кызматкер жазаланды, анын ичинен 5 кызматкер кызматтан бошотулду. Дагы 16 кызматкерге катуу сөгүш берилип, жетөөнө сөгүш, он кызматкерге эскертүү берилди, бир кызматкер ээлеген кызматына толук ылайык келбегени белгиленди жана 3 кызматкер ротацияланды.

Мындан тышкары кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 4 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 112 жаран болду, алардын ичинен 44 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 52 адам, кадрдык маселелер боюнча – 16 жаран болду.

Copyright © 2017 Maral FM