Биз менен байланышыңыз

Орусияда болгон митингде 3296 жаран кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2021 | 1158 | 0

23-январда Орусиянын бир катар аймагында өткөн нааразычылык акциясында 3296 жаран кармалды. Бул тууралуу саясий окуяларды мониторинг кылган «ОВД» медиа долбоору жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, эң көп жаран Москвада кармалып, алардын саны 1360ты түздү. Андан кийин Санкт-Петербургдан 523, Новосибирсктен 97, Воронежден 92, Казандан 92, Нижний Новгороддон 90 адам колго түшүрүлгөн.

Балдар акыйкатчысы Анна Кузнецованын айтымында, кармалгандардын арасында 300 өспүрүм болгон. Алар кармалгандан кийин ата-энелерине тапшырылып берилген.

Эскерте кетсек, 23-январь күнү Орусиянын бир канча аймагында оппозиячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кармалышына каршы акция өттү. Анда алар Навальныйдын бошотулушун талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM