Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 93 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:
Бишкек — 27
Ош — 2
Чүй облусу — 29
Ош облусу — 4
Талас облусу — 2
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу — 21
Жалал-Абад облусу — 5
Баткен облусу — 2
Илдет илээштиргендердин бирөө — медицина кызматкери. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4164 учур катталды, алардын ичинен 4072 медкызматкер сакайды.
Акыркы суткада 108 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:
Бишкек — 38
Ош — 2
Чүй облусу — 35
Ош облусу — 3
Нарын облусу — 3
Ысык-Көл облусу — 23
Жалал-Абад облусу — 1
Баткен облусу — 3
COVID-19 илдетинен Чүй облусунда бир жана Талас облусунда бир бейтап көз жумду.
Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 83 796га жетти. Анын 79 772си сакайып чыкса, 1398 бейтап каза тапты.