Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 155 адам жаңы катталды

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 412 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 илдетинен Бишкек жана Чүй облусунда эки адам каза болду. Муну менен коронавирустун жалпы өлүм учурлары 1394кө жетти.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинин 155 жаңы учуру катталды. Март айынан бери вирус жуктуруп алгандардын саны 83 миң 585ти түздү.

21-январга карата оорудан дагы 136 бейтап сакайып, илдетти жеңип чыккандар 79 миң 509 адам болду.

Ооруканаларда 708 бейтап дарыланып жатат, анын 33ү өтө оор абалда, 225и оор абалда, 442 бейтап орто оордукта, 4 адамдын абалы канааттандыраарлык.

Үй шартындагы дарыланууда 1044 бейтап бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM