Биз менен байланышыңыз

«Аткезчилик тыйылса, өзүбүздүн өндүрүш көтөрүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2021 | 666 | 0

Эгерде аткезчилик жоюлса, ата мекендик өндүрүш өзүнөн-өзү бутуна туруп кетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда аткезчилик экономиканын эң чоң оорусу жана анын өзөгүн өрттөп жатат.

Өкмөт аткезчилерге жол берип коюп, азыркы тапта жадагалса, мал багууга улпак жок.

«Коркунучтардын баарын тескей турган Өкмөттөн башка эч кимибиз жок. Саясат да ордуна келип баратат. Садыр Жапаров инаугурация бүтөрү менен Өкмөттүн биринчи отурумунда азык-түлүк коопсуздугун, жумуш орундарын чечүү маселесин биринчи орунга коюшу керек. Орусия, Казакстан менен сүйлөшүп, убактылуу болсо да жумуш берген жерлерге элибизди жеткиришибиз керек», — дейт Жапаров.

Ал Өкмөт жашылча-жемиштерди сата турган рынокту ачып бериши керектигин белгиледи. Ал үчүн Орусия менен Казакстанды гана карап отурбай, Кытайга да сатуу керек. Өкмөт товарлардын сертификация маселелерин өз мойнуна алышы шарт.

Copyright © 2017 Maral FM