Биз менен байланышыңыз

Каттоо кызматы бюджетке 70 млн сомго жакын акча которду

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 326 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» ишканасына 2020-жыл ичинде сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз мамлекеттик номерлерге карата сертификаттарды сатуудан 70 млн сомго жакын акча түштү.

Мекеменин басма сөз кызматы ал акча республикалык бюджетке которулганын кабарлады.

Өзгөчө айкалыштагы мамлекеттик номер белгилерин сатуудан түшкөн акчанын 91 пайызы жана өзгөчө аталыштагы мамлекеттик номерлерди сатуудан түшкөн акча 100 пайыз республикалык бюджетке которулат.

2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номер белгилеринин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Бул убакытта 485 миң автоунаа номерлери даярдалган.

2020-жылы 360 миңден ашуун мамлекеттик автоунаа номери даярдалган, анын ичинен 11 879у аукционсуз жана аукциондук мамномерлер, 348 201 номер «Унаа» ишканасы үчүн өлкөнүн аймактарына андан ары таркатуу үчүн даярдалып берилген.

Мурда мамлекеттик номерлерди менчик компания даярдап келген, кирешенин негизги бөлүгү компанияга түшүп турган.

2016-жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо борбору «Инфоком» ишканасына өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM