Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн 85 миңден ашык бала бар

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 551 | 0

2020-жылы үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы боюнча ата-энеси миграцияда жүргөн 85 миң 459 бала аныкталган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова кабарлады.

Анын ичинен 69 миң 530у тышкы миграцияда, ал эми 15 миң 929у ички миграцияда болгон. Мындан тышкары 3 миң 816 бала тууганчылык байланышы жок кишилердин кароосунда калган.

«Бала кандай гана жакшы шартта багылып жатпасын, эгер анын ата-энеси миграцияда жүргөн болсо, ал турмуштук оор кырдаалга кабылган бала деп эсептелет. Биз мыйзам кабыл алууну пландап жатабыз, ага ылайык мигрант расмий камкорчу дайындамайынча, өлкөдөн чыга албайт», — деди министр.

20-январда Жогорку Кеңеш «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Анын демилгечиси: депутат  Исхак Пирматов.

Мыйзам долбоору үй-бүлөлүк зомбулук үчүн күнөөлүү адамдын жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсүнүн алдын алып, милдетин күчөтүүгө багытталган.

Депутат Айнура Аскарованын маалыматында, 2020-жылы  үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миңден ашуун факты катталды.

Кыргызстанда 17 кризистик борбор иштеп жатат, ошондой эле мамлекеттик кризистик борборлорду ачуу пландаштырылууда.

Мыйзам долбоору экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM