Биз менен байланышыңыз

20-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 518 | 0

20-январдан 21-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Каракысмак капчыгайында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда кар жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында кар жаайт. Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Талас облусунда: түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;

Баткен облусунда: түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;

Нарын жергесинде: түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында 20-январда түнкүсүн жана күндүз кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM