Биз менен байланышыңыз

«Алтын жумуртканы тоогу менен жеп койгон ишкерлер көбөйүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2021 | 902 | 0

Тобокел кылбаган адам сабырсыз келет. Кыргызстанда сабырсыздыктан улам алтын жумуртканы тоогу менен кошо жеп койгон ишкерлер көбөйүүдө. Мындай пикирин ишкер Түгөлбай Сайдалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Өзүбүздү коомдун өсүшүнө жараша тарбиялап, билим албай жатабыз. Даяр киреше, мураска калган мүлктөн тез байып, бирок жоготууга учурап жаткан ишкерлер да көп. Ишеним — бүгүнкү күндүн маанилүү байлыгы. Ошондуктан сабыр менен ишенимден айрылбай мээнет кылсак, кыргыз ишкерлери дүйнөнү багынта алабыз», — дейт ишкер.

Ошондой эле кыял алдыга кадам таштоого себепчи болорун айтып, ар бир адам бала кезинен кыялданышы керектигин белгиледи.

Мындан сырткары бизнесте өнөктөштөр бири-бирин тездик менен кечире билсе, толеранттуу болсо, байлыкты баалуулук катары санабаса, ийгиликке жетерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM