Биз менен байланышыңыз

ӨКМ коомдук тамактануучу жайларда өрткө каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 435 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаары боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери шаар аймагындагы базарларда, коомдук тамактануучу жайларда өрткө каршы түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Министрликтин маалыматына караганда, базар ээлерине, ижарачыларга соода жайларындагы өрт коопсуздук чаралары, ал эми коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине, кызматкерлерине электр жабдыктарын, газ шаймандары колдонуудагы өрт коопсуздук чараларын сактоо тууралуу түшүндүрүлдү.

Ошондой эле баштапкы шаймандарды колдонуу тартиби, өрт учурундагы аракеттер тууралуу нускамалар таратылды.

ӨКМ өлкөнүн бардык аймактарында бул багыттагы иштер уланарын кабарлады.

Быйыл 10-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, бир киши каза болгон.

Январдын башында Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда да газ баллондун жарылышынан 11 адам жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM