Биз менен байланышыңыз

Жашоо минимумунун көлөмү 11,5 %га өстү

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 599 | 0

2020-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 5 миң 358 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11,5 %га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.

Өткөн жылы жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда жана Бишкек шаарында белгиленди. Ошол эле учурда, 2019-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун маанисинин эң чоң өсүшү Талас облусунда (14,8 %га), Баткенде (14,6 %га) жана Ысык-Көлдө (13,8 %га) белгиленди.

Айрым эксперттердин айтымында 80 % калк адам башына керектелүүчү жашоо минимумунун деңгээлинде киреше таппайт. Пандемиядан улам иш орундар кыскарып, элдин кирешеси азайган. Кыргызстанда товарлардын 80 %ы импорттук товар болгондуктан доллар өскөндө, жашоо минимуму кошо өстү. Бирок киреше өскөн жок.

Кошумча маалымат: Өкмөттүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 %ды, азык-түлүк эмес товарлар — 16 %ды, кызмат көрсөтүүлөр — 17 %ды жана салыктар — 2%ды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM