Биз менен байланышыңыз

Дагы 123 адамдан вирус табылып, 2 адам каза болду

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 966 | 0

Акыркы бир суткада коронавирус 123 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 42 адамдан, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда — 10, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 22, Талас облусунда – 2, Жалал — Абад облусунда — 6 кишиден табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 128 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 52, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 7 киши коронавирустан айыгып чыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болуп, коронавирус пайда болгондон бери жалпы 1 миң 384 жаран көз жумган.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 796 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 4 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 8 учур катталды. Үй карантининен 4, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 55 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 109 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 994 киши айыгып чыкса, 1 миң 384 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM