Биз менен байланышыңыз

Новиков: Мамлекетке караштуу туристтик объектилердин чыгашасы көп

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 634 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Ал бул тармакты өнүктүрүү боюнча жыл сайын пландар жазылганы менен алар ишке ашпай жатканын сындады.

«Мамлекетке караштуу бардык туристтик объектилердин чыгашасы көп. Жылына 10 млн сом киреше алып келген «Витязь» пансионаты да Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилгенден кийин чыгашалуу болуп калды. Жеке секторду активдүү ишке тартып, тийиштүү механизмдерди жана чечим долбоорлорун иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле ишке болгон мамилени өзгөртүү керек», — деди Новиков.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине быйыл 1-февралга чейин туристтик потенциалды, инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттин менчигиндеги обьектилердин тийиштүү документтерин, Өкмөт аппаратынын кароосуна киргизүү тапшырылды.

Новиков ички туризмди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасап, Ысык-Көл облусунан башка аймактардын да мүмкүнчүлүктөрүн кароо керектигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM