Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова УКМКга суракка чакырылганда, абалы начарлап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Атайын кызматтан кабарлашты.
Ал 11-январда суракка келгенде өзүн жаман сезген. Аны «Юрфа» диагностикалык борборунда текшерүү сунушталып, адистер ооруканага жаткыруу керектигин айтышкан.
УКМКнын маалыматына караганда, Үсөнканова Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө дарыланып жатат.
Быйыл 7-январда Курсан Асановдун жубайы алдамчылык боюнча шек саналып, ага карата сотко чейинки териштирүү иши башталганы кабарланган.