Биз менен байланышыңыз

Эгиз түгөйлөр: Кээде бизди балдарыбыз да алмаштырып алышат

Ди-джейлер , Көңүл ачуу | 14 Янв 2021 | 1070 | 0

Көргөн көздү кубандырган эгиздердин жашоосу баарыбызга кызык. Ал эми эгиз түгөйлөр тууралуу билүү андан да кызык болсо керек. «Марал» радиосунун «Үзөңгүлөш үч эрке» программасына конок болгон эгиз жуптар Арслан, Руслан Бактыбаевдер жана Батма, Зуура Матраимовалар менен болгон кызыктуу маекке назар салыңыздар.

— Саламатсыздарбы, кош келиңиздер!

— Саламатчылык, куттуу студияда олтурганыбызга кубанычтабыз.

— Өзүңүздөр тууралуу айтсаңыздар…

Арслан, Руслан Бактыбаевдер: — Токтогулдун Өзгөрүш айылында төрөлгөнбүз. Негизи, биздин тукумубузда эгиздер жок. Атам жаш кезинен эгиз балалуу болсом деп тилек кылчу экен. «Жаштын тилегин берет» демекчи, атамдын суранычы боюнча төрөлүп калыптырбыз (күлүп). Эгиз кыздарга баш кошуп калганыбыз — апамдын тилеги.

Батма жана Зуура Матраимовалар: — Сузак районунун Ак-Булак айылынан болобуз. Мурда бир тууган элек, азыр абысынбыз. Ал эми Арслан, Руслан бажалар (күлүп)…

— Эгиз жуптардын таанышып, турмуш куруп калганы баарына кызык болсо керек. Кызыктуу маекти ушундан баштасак…

Руслан: — Борбордо иштеп жүргөн мезгилде, жумуштан келе жатып, эки татынакай эгиз кызга көзүм түшүп калды. Дароо таанышып алдым. Анан Арсланга телефон чалып: «Эгиз кыздар менен тааныштым, сени да тааныштырайын», — дедим. Кийинчирээк, Арслан борборго келгенде, сүйлөшүп баштадык. Улуусу улуусуна, кичүүчү кичүүсүнө деп тандалып калганбыз.

Зуура: — Биз да эгиздерге турмушка чыгууну кыялданчубуз. Эгизим кетип калса, менин күнүм бүтүп калчудай сезилип, бири-бирибизден ажырагыбыз келчү эмес. Азыр ал тилек орундалып, эки уул, бир кыздын ата-энесибиз.

Батма: — Апам он бешти төрөгөн аял. Таенем үч жолу эгиз төрөгөн. Апам боюнда бар кезинде эгиз экенин билбептир. Биринчи мен төрөлүп, анан ордунан турайын десе эле, Батма да бар экен (күлүп). Учурда эгиз балдарыбыз жок. Эки кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз.

— Бала кездеги кызыктар тууралуу кеп кылалы…

Зуура: — Батма экөөбүз эркек мүнөз элек. Биригип, балдарды коркутуп койчубуз. Классташ балдар: «Батма, Зуура келатат», — деп коркушар эле.

Батма: — Студент кезде группалаштар менен кафеде отурабыз. Бир жигит Зуурага көзү түшүп, бир нерселерди айтып берип жаткан. Бир убакта Зуурадан: «Тигил жигит эмне дейт?»- деп сурасам, «Жакшы көрөрүн айтты», — деди. «Кел, экөөбүз алмашып отуруп алабыз», — дедим. Тигил жигит кирип келип эле мага ошол сөздөрүн айтып жатат. Айтып бүткөндөн кийин «Тамаша мен Батмамын», — дедим. Жигит ыңгайсыз бойдон эле калды. Ушундай окуялар көп болуп турат.

Руслан: — Бала кезде абдан тентек болчубуз. Айылды түрө кыдырып ойноп, ар кимдин үйүндө уктап калар элек. Классташтарыбыз жакшы билет, Арслан экөөбүздүн табитибиз да окшош. Бир кызды жактырып калчубуз.

— Баш кошкондон кийин калың алуу, сеп берүү салты кандай болду?

Арслан: — Тоюбузду чогуу  өткөрдүк.  Албетте ата-энебиз эки келин алып жактан соң, ошондой даярданган. Кайра экөөнүн тең себи келген. Тоюбуз Кара-Көл шаарында жана өзүбүздүн Өзгөрүш айылында да болгон. Көнүп калган адатыбыз боюнча бири-бирибизге сен деп эле кайрылабыз.

— Үй-бүлөдөгү кызыктардан  айтсаңыздар…

Батма: — Кытайга барып келип, соода кылчубуз. Чет өлкөгө чыгуу үчүн паспортумдун мөөнөтү бүтүп калып, айла жок Зууранын паспорту менен Кытай, Казакстанга чейин барып келгем. Анда да адашып, Зууранын паспортун көрсөткөнүмдү унутуп, аэропорттон өзүмдүн атымды айтып алган учурлар болгон. Балдарыбызды 9 айга чейин экөөбүз эмизе берчүбуз. Кээде балдарыбыз адашып, «апа» деп кучактап алган учурлар болгон.  Бири-бирибизге туура эмес сүйлөп алган учурлар болот.

Руслан: — Бизди айырмалоо өтө кыйын. Жадагалса, биринчи класстан бери чогуу окуган досторубуз да азыркыга чейин айрымалай алышпайт.

— Учурда кандай жумушту аркалайсыздар?

— Чакан жеке бизнести түптөп келе жатабыз. «Төртөөбүз бириккенде, ийгилик ошончолук болот» деп ниет кылып, баштап жатабыз.

— Негизи ырдоо таланты кимден берилген?

Руслан: — Биздин ырдап калганыбызга атамдын салымы чоң. Убагында атам Рахман Разыков түзгөн «Үмүт» деген топто гитарист болчу. Негизи кызыгуу күчтүү болуп, аспаптарды өзүбүз өздөштүрүп алганбыз. Музыкалык билимибиз деле жок.

— Маегиңиздерге рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM