АКШ менен Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө ишин 2020-жылдын аягында баштаган. Орусия өзү чыгарган «Спутник V» вакцинасын, Кытай да өз вакцинасын колдоно баштаган.
ДССУнун эмдөө тармагынын башчысы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX программасынын алкагында начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрү ушул айдын ичинде эле жеткирилерин билдирген. Ошондой эле уюмдун өкүлү коронавирустан коргонуунун эрежелерин сактоону улантуу керектигин эскертти.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, пандемия башталган дээрлик бир жылдан бери коронавируска 90 миллиондон ашуун адам чалдыгып, эки миллионго чукул бейтап бул илдеттен көз жумду.