Биз менен байланышыңыз

Жапыкеев: Пандемияда шаалакылык кетирген жетекчилер жоопко тартылат

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 653 | 0

Пандемия учурундагы шаалакылыкка кимдин тиешеси болсо, баары жоопко тартылат. Бул тууралуу Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев журналисттерге билдирди.

Бүгүн, 12-январда мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылган.

Жапыкеев өлкөдө коронавирус жайылып кеткендиктен миңден ашык адам каза болгонун, буга жол бергендер жоопко тартылышы керектигин айтат.

Анын маалыматына таянсак, Бороновдон кийин мурдагы эки өкмөт башчы, социалдык маселелерге жооптуу болгон вице-премьер-министрлер, Саламаттыкты сактоо жана Финансы министрлери суракка чакырылат.

«Баарын териштиребиз. Пандемия учурунда өлкөгө канча акча, жардам келди, канчасы жумшалды, баарын текшеребиз. Керек болсо камайбыз», — дейт Жапыкеев.

Кубатбек Боронов суракка чакырылды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Бакир Таиров Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 17-сентябрындагы жыйынында пандемияга байланыштуу беш кылмыш иши каралып жаткандыгын айткан.

Анын ичинде медициналык мекемелердин даярдыксыздыгы, зарыл медициналык буюмдардын жана дары- дармектердин жетишсиздиги, шалаакылык жана коррупция беренелери боюнча беш кылмыш иши ачылган.

2020-жылдын 15-сентябрында мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM