Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Боронов суракка чакырылды

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 623 | 0

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакыртылды. Бул маалыматты Финансы полициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Бүгүн маалымат каражаттары жеке булактарына таянып, Боронов суракка чакырылганын жазышкан. Маалыматтарга караганда, ал Финполдун тергөө бөлүмүнө эртең, 12-январда барат. Азырынча кайсы иш боюнча суралары айтыла элек.

Кубатбек Боронов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин отставкага кеткен.

Ал 2020-жылдын 17-июнунан 9-октябрына чейин премьер-министр кызматын аркалаган.

2018-жылдын апрель айынан 2020-жылдын июнь айына чейин вице-премьер-министр болгон.

2011-жылдан 2018-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри кызматында иштеген.

Пандемия учурунда ал жетектеген Өкмөттүн дарегине көп сындар айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM