Биз менен байланышыңыз

Казакстанда алгачкы жолу партиялык тизме менен шайлоо өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2021 | 638 | 0

Бүгүн, 10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолку чакырылыштын депутаттары партиялык тизме менен шайланат.

Шайлоого жалпы 5 партия: «Нур-Отан» башкаруучу партиясы, 2 оппозициялык «Ак-Жол» менен Казакстан элдик партиясы, ошондой эле «Адал» жана «Ауыл» партиялары катышууда.

Ушул тапта өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин жана Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой добуштарын берди.

Бул эгемен Казакстандын тарыхында өтүп жаткан VIII парламенттик шайлоо. 16 жылдан бери алгач ирет мөөнөтүнөн мурда эмес, кезектүү шайлоо уюштурулду.

Партиялык тизме менен 98 депутат төмөнкү палатага 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо босогосу 7 пайыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM