Биз менен байланышыңыз

Чокоевдин чырдуу долбоору, тараптардын пикирлери

Кыргыз эстрада ырчысы Курал Чокоев өзүнүн Ютуб каналына Тамашоунун жигиттери менен биргеликте  жаңы программа чыгарган. Аталган долбоордо одоно сындар, аша чапкан шылдыңдоолор жана уят сөздөр айтылат. Бул программасынын алгачкы чыгарылышына эле эл тарабынан терс пикирлер айтылып, ал тургай маданият өкүлдөрү: «Бул программа үчүн Курал Чокоевге Маданият министрлиги чара көрүшү керек», — деп жазып чыгышты.

Элдин нааразычылыгын жараткан программа туралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жубайы Эля Примбердиева «Марал» радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бул программага жолдошум Кайрат Примбердиев катышкан. Ал тарапта шылдыңдоо иретинде айтылган сөздөрдү өзүмө аябай деле кабыл алган жокмун. Анткени Курал менен Кайрат дос, ал эми бул Ютуб долбоор. Биз жашоодо көп азилдешкен шеринелештерденбиз. Мен таарынбайм деле. Негизи, бул программа көптөргө башкача терс таасирин тийгизди. Анан Кайраттын да чыгармачылыгына, негизи эле атына жаман пикирлер айтылат. Бирок мындай долбоор деле жаралмак. Реалдуу жашоодо ошентип, жаман сөз айтып, сөгүнүшөт. Ал эми шоу-программаларга катышып, интервью беришкенде таптакыр башкача да. Эми ар ким өз деңгээлинде кабыл алат. Бул программанын деле күйөрмандары табылат. Мисалы: Орусияда «Что  было дальше?» деген Ютуб долбоор бар. Ал жакта дагы белгилүү шоу-бизнес өкүлдөрү катышып, шылдың сөздөрдү угууга мажбур болушат. Өзүнүн кенен аудиториясы бар. Курал деле ошолорду көчүрмөлөп, долбоорду чыгарды».

Аталган программага конок катары чакырылган ырчы Кайрат Кыргыз мындай долбоорго каршы экенин билдирди:

«Бул программа мага жаккан жок. Маданиятсыз, одоно, мааниси жок, балит экен. Мага Курал Чокоев чалып, программанын жүрүшүндө шылдыңдоолор болот деп айткан. Бирок мен мынчалык болот деп күткөн эмесмин. Барганыма өкүндүм. Курал чакырып аткандан кийин баш тарта албай бардым эле, тартылып бүткөндөн кийин Куралга: «Түпкү  тамыры жок, маданиятсыз программа экен», — дегем. Мындай долбоордун уланышын каалабайм».

Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, акын Бердибек Жамгырчиев Курал Чокоевдин Ютубдагы долбоорун сындап жаткандардын бири. Анын пикиринде, мындай долбоорлор өнөрдү тепселөө болуп саналат.

«Муну программа деп, аларды өнөр ээлери деп айтканга болбойт! Башында ушундай программа чыгат экен деп жатканда маани деле берген эмесмин. Карасам эле ашмалтайы чыгып кеткен берүү экен. Бул — жалпы элди шылдыңдоо, өнөрдү, маданиятты тепселөө. Ичкен кудугуна түкүрүү, элди көзгө илбей, көздөрүн май басып калган экен. Маданият өкүлдөрүн эл көтөрөт да, бирок, алар кайра элге жаба түкүргөндөй кылды. Болгондо да маданиятка жетелей турган ырчылар ошентип жатышкандан кийин биздин келечек муундан кандай жакшылык күтсөк болот?! Ошондуктан Маданият министрлиги да чоң чара көрө албайт, алардын укугу чектелүү. Бирок мен кайрылат элем, булардын наамдары бар экен. Эмгек сиңирген кызматкер дейби, алар минтип эмгек сиңирбей эле коюшсун. Ошол сыйлыктарын баарын алып,  элден кечирим сурашы керек. Моралдык жана материалдык чыгымдарын төлөтүп, акмактай болгон берүүсүн шашылыш жабуу керек. Болбосо бизде намыс бар, кыргыздын жигиттери намысты тебелетпеши керек. Ансыз да коом майдаланып, бузулуп, ар тараптан ар кандай агымдар келип жатканда, өздөн чыккан ушундай маңкурттары ого бетер көргө сүйрөйт да. Эми азыр өнөр адамдары чогулуп, конференция өткөрүппү, айтор бир нерсенин үстүнөн чыгып, мындайга чекит коюу керек. Кайрат, Куралды эл 200-300 доллардан тойго чакырып көптүргөн да. Кайра алар элге түкүрүп жатышат. Ошондуктан тойго дагы чакырбай, концертке дагы катыштырбай коюу керек. Көзүндөгү майын тазалап, элден кечирим сурасын. Мен мындай нерселерге жарандык пикиримди билдирип келем. Чакырылган коногу Кайрат Кыргыз — анын башынан ылдый жугунду төгүп жатат. Ал болсо жалжайып олтурат. «Намыс өлсө табуу кыйын» деген ыр бар эле, намыс өлсө ошо экен да. Азыр маданият өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатабыз. Балким, бүгүн кечинде чечилеби, эртең чечилеби, убакыттын өтүшү менен бул нерсени жабабыз, менин көзүм жетет. Демократия десе делдиреп кетпей, мындан ары тизгинди тартуу керек. Биринчиден, булар намыстарын сындырып алды. Бул нерсенин аягына чыгабыз, буюрса!».

Ал эми сынга кабылган долбоордун автору, ырчы Курал Чокоев бул программанын идеясы өзүнө таандык экенин жана ага эч ким каржылык колдоо көрсөтпөй турганын билдирди:

«Мен мамлекеттик каналга программа ачкан жокмун да. Ал — менин жеке ютуб каналым. Азыр сын-пикирлер көп айтылып жатат. Бирок ошол эле учурда белгилүүлөр бул программаны популярдуу кылып, менин каналымды жайылтып, көрүүчү топтоп берип жатышат (күлүп). Эгерде ушунчалык жакпаса, анда көрбөй эле коюшсун. Бул прогамманын демөөрчүсү жок, эч ким каржылабайт. Идея өзүмө таандык. Буга чейин деле радио, телевидениеге барбайм деп чечим чыгаргам. Анткени, алардын баары эскирди. Бул программа  чыгармачылыгыма эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Эгерде орду-түбү менен программаны жаптырабыз дешсе, анда  Конституцияга каршы  чыгышат. Ал эми коноктор өзүлөрү баш ийип келип берип жатышат».

Белгилей кетсек, кырнетте кызуу талкууланып жаткан бул Ютуб долбоор боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үн ката элек. Интернет колдонуучулар аталган министрлик буга чара көрүшү керек деп эсептейт.

P.S «Марал» радиосу коомдун аң-сезимине терс таасирин тийгизген, маданиятка жат көрүнүштөрдү кескин сындайт жана буга жол берген шоу-бизнес өкүлдөрү менен кызматташууну токтотот. Тактап айтканда, ырчы Курал Чокоевдин ырлары «Марал» радиосунун фонотекасынан өчүрүлүп, бойкот жарыяланат. 

1 пикир

1 пикир

  1. Токтобек

    10.01.2021 10:45

    Эң туура кылыпсынар Марал радиосу бул эки шумпайга ушундай кылыш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM