Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк жарманкеси кайрадан жанданат

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 885 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Бишкек мэриясы борбор калаада азык-түлүктөрдү дүң баа менен саткан жарманкени кайрадан жандандырат. 2021-жылдагы биринчи жарманке 9-январда Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10:00дө башталат.

Маалыматка ылайык, жарманкеге 40тан ашуун компания катыша тургандыгы айтылууда. Министрликте убада кылынгандай, айыл чарба өндүрүүчүлөрү продукцияны дүң баада сатышат. Эт, күн карама майы, жумуртка, балык, ун, сүт азыктары, колбаса, жашылча-жемиштер жана башка азык-түлүктөр сатыкка коюлат.

Эскерте кетсек, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 17-декабрдан тарта айыл чарба азыктарынын жарманкелери башталарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM