Биз менен байланышыңыз

Дагы 165 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 761 | 0

Кыргызстанда 8-январга карата 165 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 77 адамдан, Ош облусунда – 16, Чүй облусунда – 21, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда 2 кишиден табылган.

Ошол эле учурда акыркы бир суткада 171 адам коронавирустан айыгып, эки адам каза болгон. Бишкекте бир, Баткенде бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 887 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 266 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 7 адам канааттандырарлык, 570 адам орто оордукта, 253 бейтап оор абалда, 57 киши өтө оор абалда.

Мындан сырткары, бир күн ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 141 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 983 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 547 киши айыгып чыкса, 1 миң 365 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM