Биз менен байланышыңыз

Ышка байланыштуу Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата териштирүү башталды

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 560 | 0

Финансы полициясы Бишкек жылуулук электр борборунун жооптуу адамдарына карата тергөө ишин баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Финансы полициясы абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Бул факты Жазык кодексинин 233-беренеси «коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» менен каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иштин чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бериле элек.

Copyright © 2017 Maral FM