Биз менен байланышыңыз

Таластагы өрт кырсыгы боюнча териштирүү иштери башталды

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 355 | 0

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы өрт кырсыгы боюнча териштирүү иштери башталды. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин маалымат кызматы  кабарлады.

4-январда Кызыл-Адыр айылынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү базардын жанында тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 11 адам күйүк алган.

Анын кесепетинен тез тамактануучу жайдан тышкары, эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач да күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түздү.

Кырсыктын келип чыгуу себеби газ баллонду колдонуудагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу экендиги кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM