Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Билим берүү тармагын жаңылоого мезгил келди

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 373 | 0

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Чүй облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту.

Ал мугалимдер менен баарлашып жатып, билим берүү тармагын өзгөртүүгө мезгил келгенин айтты.

«Билим берүү тармагынын кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөн. COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгегине жалпыбыз баа бердик. Аралыктан окутууга мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да даяр эмес эле. Бирок пандемиянын шарттары өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бүгүнкү күндө окууда эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайрадан карап чыгып, учурга ылайык келген заманбап ыкмаларды жана программаларды пайдаланууга өтүү зарыл. Тутумду өзгөртүүгө мезгил келип жетти», — деди Элвира Сурабалдиева.

Ал билим берүү тутумундагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоого мүмкүндүк берген ушундай жолугушуларды туруктуу өткөрүп турууну сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM