Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна үгүт иштери учурунда мыйзам бузуулар боюнча 38 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдабекова 5-январда өткөн комиссиянын отурумунда билдирди.
Алардын 24ү текшерилүүдө. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 5 материал катталган. БШК үч арыз боюнча чечим кабыл алган. Башкы прокуратурада 4 материал каралып жатат.
БШКнын ыкчам чара көрүү тобу шайлоо өнөктүгү учурунда болгон мыйзам бузууларды талкуулап жатат. Анда ИИМдин өкүлдөрү да маалымат берүүдө.
Президенттикке талапкерлер жалпы 105,4 млн сом коротушту