Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкерлер жалпы 105,4 млн сом коротушту

Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 435 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин 31-декабрга карата шайлоо фондунан канча акча сарптагандыгы тууралуу маалымат берди.

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 17 талапкер жалпы 105 млн 470 миң 992 сом короткон. Анын ичинде:

1. Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна 62 млн 49 миң 700 сом топтолгон, анын  57 млн 531 миң 126 сомун короткон;

2. Канатбек Исаевдин фондуна 1 млн 412 миң сом топтолуп, анын  1 млн 348 миң 620 сому чыгымдалды;

3. Мыктыбек Арстанбек 1 млн 117 миң сом топтоп, анын 1 млн 115 миң 750 сомун жумшады;

4. Клара Сооронкулова 1 млн 128 миң 650 сом чогултуп, анын 1 млн 50 миң 80 сомун сарптады;

5. Имамидин Ташовдун шайлоо фондуна 4 млн 924 миң 600 сом чогулган, бул сумманын баары сарпталган;

6. Абдил Сегизбаевдин эсебине 4 млн 609 миң 910 сом чогулса, анын 4 млн 546 миң 510 сому жумшалган;

7. Адахан Мадумаровдун эсебине 2 млн 847 миң 100 сом топтолуп, анын 2 млн 845 миң 676сы жумшалды;

8. Аймен Касеновдун шайлоо фондуна 3 млн 872 миң 805 сом чогулган, анын 3 млн 758 миң 398 сому сарпталган;

9. Улукбек Кочкоров 1 млн 724 миң 890 сомдун 1 млн 634 миң 383 сомун жумшаган;

10. Жеңишбек Байгуттиев 3 млн 337 миң 850 сомдун 2 млн 963 миң 867 сомун коротту;

11. Элдар Абакиров 1 млн 581 миң 893 сомдун 1 млн 563 миң 636 сомун сарптады;

12. Курсан Асанов шайлоо фондуна топтолгон 2 млн  576 миң 656 сомдун 2 млн 494 миң 264 сомун кетирди;

13. Арстанбек Абдылдаевдин шайлоо фондуна 2 млн 310 миң сом чогулган, ал анын 2 млн 305 миң 415 сомун сарптады;

14. Равшан Жээнбеков үгүт иштери үчүн 3 млн 159 миң 250 сомдун 3 млн 143 миң 673 сомун жумшады;

15. Бактыбек Калмаматовдун эсебине 1 млн 419 миң 20 сом топтолгон, анын 1 млн 410 миң 151 сому жумшалган;

16. Бабыржан Төлбаев эсебиндеги 14 млн 224 миң 572 сомдун 10 млн 872 миң 523 сомун коротту;

17. Каныбек Иманалиев шайлоо фондундагы 1 млн 962 миң 568 сомдун 1 млн 962 миң 320 сомун сарптады.

Copyright © 2017 Maral FM