Биз менен байланышыңыз

«Баланы маданиятка курсактагы кезинен тарбиялоо керек»       

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 1307 | 0

Маданият тармагы аябай төмөндөп кетти. Деңгээлди көтөрүү үчүн курсактагы кезинде эле тарбиялоо керек. Биз маданиятсыз болуп кеттик. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы, обончу, аткаруучу Канымжан Жаманбева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

— «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың», — дейт го. Маданияттуу болууга баланы кичинесинен үйрөтүү керек. Азыр баарыбыз эле бала бакчага берип калбадыкпы. Мурда буудай оробу же башка жумуш кылабы, балдарды жанына алып алган. Негизи, сөзсүз балага ата-энеси кичинекей кезинен мээнетти, маданиятты үйрөтүшү керек. Бардык адамдар жакшы. Бирок пейилибиз ар башка, аны оңдошубуз керек. Ар бир адам өзүнө-өзү салым кошуп, жакшы нерселерди боюна сиңирип алса, мамлекетибиз да гүлдөп, өнүгүп-өсмөк. Себеби маданият болбой, эч качан өнүгүп-өсүү болбойт. Өзүбүз маданиятсыз болуп жатпайбызбы, деңгээлибиз төмөн. Коңшу өлкөлөрдү көрүп, өзүбүз деле намыстансак болмок.

Copyright © 2017 Maral FM