Биз менен байланышыңыз

Бюллетенди сүрөткө тартып, соцтармакка чыгарса болобу? Адистин жообу

Кыска кабар | 4 Янв 2021 | 622 | 0

Президенттик шайлоого карата жарандардын суроолоруна жооп берүү максатында «Жалпы иш» фонду менен бирге «Шайлоочу үчүн» рубрикасын чыгара баштадык. Бул жолку чыгарылышында аталган фонддун шайлоо боюнча эксперти Бакыт Самаков суроолорго жооп берди.

— Добуштун купуялуулугу сакталышы керекпи? Ал кантип же кандай негизде колго алынат? Системада бекем сакталабы?

— Биринчиден, добуш берүүдө жарандардын эркин билдирүүлөрүн кандайдыр бир көзөмөлдөө мүмкүндүгүн болтурбайт. Жашыруун болуп саналат. Добуш берүүнүн купуялуулугу бузулса, КР мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат. Ошондуктан, системада купуялуулук бекем сакталат.

— Угармандан суроо келген: «ID паспортум бар. Бирок, биометрикадан өткөн эмесмин. Шайлоого катыша аламбы? Биометриканы кантип тапшыра алам?»

— Биометрикадан өтпөгөн жарандар шайлоого катышууга укугу жок. Бул мыйзамда так көрсөтүлгөн. Шайлоого 18 жашка жеткен жана биометрикалык каттоодон өткөн гана жарандар катыша алышат. Анткени, ар бир шайлоочу шайлоо тилкесине келгенде, биометрикалык идентификациядан өткөрүлөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө борборлоруна барып, биометрикалык каттоодон өтсөңүз болот. Маалымат алуу кызматы да иштейт. Атайын көрсөтүлгөн номерлер аркылуу байланышсаңыз болот.

— Кимге добуш бергенимди, бюллетенди сүрөткө тартып, социалдык тармактарга жайгаштырсам болобу?

— Социалдык тармактарга бюллетендин сүрөтүн же көчүрмөсүн таратууга тыюу салынат. Мыйзамда көрсөтүлгөн. Шайлоо кагазынын түп нускасын же көчүрмөсүн алып чыгууга, таратууга тыюу салынат. Бул купуялуулукту бузат. Тарап кеткен учурда күмөн саноо пайда болуп, добуш сатуу боюнча да маселелер чыгып кетиши ыктымал. Жалпы элди шайлоо бюллетенин сүрөткө тартпоого, социалдык тармактарга таратпоого чакырат элем.

Copyright © 2017 Maral FM