Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова «Марал» радиосунун «Үзөңгүлөш үч эрке» программасына баш багып, жеке жашоосундагы жана чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшүп, алып баруучулукка «тилинин тактыгынан» улам келип калганын айтып берди.
— Саламатсызбы, маанайыңыз жакшыбы?
— Саламатчылык. Маанай эң сонун. Эртеден кечке чейин жумуштарды бүтүрүп коюп, үйгө барып, баламдын курсагын тойгузуп, куш уйку салып, анан сиздер менен сырдашып, маек берүүгө келдим.
— Буга чейин өзүңүз интервью алып келсеңиз, эми бүгүн бизге интервью бересиз. Негизи, кайсыл тарабы сиздин жан дүйнөңүзгө жакын?
— Экөө тең аябай жагат. Интервью берип жатканда да аябай жакшы баарлашам. Ал эми алып баруучу катары суроо узатып, мектешкен — мен үчүн аябай ырахат.
— Эң алгачкы жумуштун босогосун аттаган учуруңуз? Алгачкы эфир күнү жана андагы толкундоолор тууралуу айтсаңыз?
— Ал кез 2005-жылдын 5-октябры болчу. Филатовдун жанына өнөктөш издеп, эки жүздөй адамды кастингден өткөзүшкөн. Ошол учурда ага боюм менен тилим туура келип калып, мен өтүп кеткем. Биринчи ирет эфирге эч кандай даярдыгы жок эле чыгып, тилимдин күчү менен эле алып барып кеткем.
— Ушул кезге чейин эфир учурунда одоно ката кетирдиңиз беле?
— Эфирге жаңы чыгып жатканда, каталарым абдан көп болгон. Тилимде «элек» жок эле, азыр деле ошондой. Жаш болуп, макал-лакаптардын, учкул сөздөрдүн түпкү маңызын, кандай мааниде айтыларын жакшы билчү эмес окшойм. Одоно айтып алган учурларым болгон. Ал үчүн көркөм топтон тил укчумун. Продюсерибиз Динара Эсенгулова эле. Дайыма чогулуштарда менин айыман сөз угуп, «тепкиге» калчу.
— Калың элге таанылып калгандан кийин башкаларды көзүнө илбей, «жылдыз» болуп кеткендер толтура. Алардын катарына сизди кошо алабызбы?
— Мен «жылдыз оорусу» менен эл аралык Түрк дүйнөсүнүн чоң программадагы иш-чарасын суфлерсуз алып барганда «ооругам». Элдин баары суктанып, мен: «И-и, мен укмуш алып баруучу турбаймынбы», — деп учуп кеткем (күлүп).
— Жол көрсөткөн устаттарыңыз кимдер?
— Алгачкы устатым продюсер Динара Эсенгулова болсо, кийим жагынан Ассоль Молдакматова атайын бутиктерге алып барып саркеч кийинтет эле. Стилист Замира Молдошева макияжымды, чачымды жасап берчү. Кийин Асыл Аппасова эжейим жашоодо чоң устатым болду.
— Бала кездеги Назираны сүрөттөсөңүз?
— Бала кезимде аябай жапайы, коркок, энемдин колтугунан чыкпаган, ачылып сүйлөбөгөн башкача кыз болчумун. Эң эле керемет көз ирмемдеримде чоң энем калды. Кемпирдин образын ойноп жатканда, а киши көз алдыма келет.
— Актрисалык өнөрдү кандайча аркалап калдыңыз?
— Актриса болуу — кичинемден бери келе жаткан озуйпам. Радиодон спектаклдерди угуп алып, аларды чоң энеме ойноп берчүмүн. Эң алгачкы сүйүүм актерлук чеберчиликке ойгонгон. Бул өнөрдү аркалайм деп жүрүп, алып баруучулукка аябай тартылып кеттим. Азыр болсо көксөгөн кыялым орундалып жатат.
— «Жөн эле ойлор» китебиңиз тууралуу учкай кеп салсаңыз?
— «Жөн эле ойлорду» 2017-жылы жазып баштадым. Анткени 2016-жылдын декабрында жалгыздык жолуна түштүм. 2017-жылы көкүрөгүм ушунчалык жабыркады. Тырмак эттен айрылгандан кийин жараты оңой менен бүтпөй, кайра-кайра жаңырып канай берет экен. Түгөйүмө 9 жыл көнүп алып, жалгыз жатуу жаман экен. Ушундай жанга тийген жалгыздык, көкүрөккө тийген ар кандай сөздөр, ажырашкан аялга болгон коомдун мамилеси жүрөгүмдү оорутту. Эркектерден жеңил-желпи мамилеге чакырган ар кандай сунуштар түштү. Анан ушулардын баары көкүрөгүмдө жөн жата алган жок. Сөз болуп куюлуп, төгүлүп келе берди. Баарын күндөлүк сыяктуу интернет барактарына жаза бердим. 2017-жылдан 2020-жылга чейин топтолуп калган ойлорумду күйөрмандарымдын суранычы менен китеп кылып чыгардым.
— Үй-бүлө куруу, баш кошуу боюнча сунуштар көп эле түшүп жатса керек?
— Бул тараптан сунуш абдан көп түшөт. Азыркыга чейин «баш кошолу» деген жигиттер көп. Бирок, эмнегедир көкүрөгүм такыр тартпайт. Балким, «жаратым кайра козголуп, мурункудай жаңылып калам», — деп коркот чыгармын. Айтор, бир жолу жашоосунан жаңылган айым экинчи ирет оңой-олтоң эле «мейли» деп тие койбойт экен. Ар бир нерсени ойлонуп иш кылгандыктан, азырынча көңүл жок.
— Интервью аларда каармандарды эмнесине карап издейсиз?
— Эң негизгиси мага ошол инсан абдан кызыктуу, анан көкүрөгү бай болушу керек. Жүрөгүм тарткан адамга чапкенедей жармашып алам. «Бизге качан интерьвю бересиз?» — деп, артынан кууп жүрүп, көздөгөн максатыма жетем.
— Сизге жардам сурап барган инсандарга кандай көз караштасыз, жардам берүүгө даярсызбы?
— Мен жалгыз бой энемин. Кээде колу-буту соо, бардыгы ордунда болгон мырзалар, айымдар материалдык жардам сураса, аябай жиним келет. Мындайларга моралдык жактан жардам бере алам, а материалдык жактан жардам бере албайм. Негизи, аябай боорукер болуп чачыла бербейм. Мурун аябай ыйлаак, боорукер болчумун. Азыр болсо ар кандай психологиялык китептерди окугандыктан, башкача ойдомун. Мен ал кишинин жүгүн тартып алып, көтөрүшөм дей турган болсом, ал адам бул жашоого келген озуйпаларын аткара албай калат, же катасын оңдой албай калат. Ошон үчүн ар бир адам өзүнүн жүгүн өзү көтөрсүн жана эч ким эч кимге милдеттүү эмес!