Биз менен байланышыңыз

Новиков күч органдарынын жетекчилери менен жолугушту

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 671 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Анда укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнү жана маанилүү стратегиялык объектилерди, мамлекеттик чек араларды кайтаруу күчөтүлгөнү айтылды.

Новиков жаңы жыл алдындагы массалык майрамдоо жайларын көзөмөлдөөнү активдештирүү жана өрт коопсуздугу, пиротехниканы пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызмат өтөө учурунда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларына жол берилбешине өзгөчө көңүл буруу керек. Алар кызматын так, сыпайы аткарып, ар кандай чагымчылдыкка алдырбоолору зарыл», — деди Артем Новиков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM