Бишкек мэриясы жаңы жылдын алдында ата-энесиз балдарга батир берилерин кабарлады. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Мындан тышкары көптөн бери турак-жайынын документи жок кыйналып жүргөн жаңы конуштардын тургундарынын жер тилкелери мыйзамдаштырылып, кызыл китептери берилет.
Мэрия азырынча канча үй берилип, канча турак-жайдын документи мыйзамдаштырыларын кабарлай элек. Ошондой эле кайсы каражатка алынары тууралуу да маалымат бериле элек.