Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бишкектин мурунку вице-мэри Мирлан Амантуров кармалды

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 702 | 0

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурунку орун басары Мирлан Амантуров кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, ал ишенүү менен берилген мүлктү менчиктөө жана максатсыз колдонуу фактысы боюнча айыпталууда.

Мирлан Амантуров көзөмөлгө алынган аткаруучуларды колдонуп, жолдорду оңдоо жана куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда «Бишкексфальтсервис» муниципалдык ишканасында жана Бишкек шаарынын мэриясында коррупциялык схема түзүлгөн.

Иликтөөдө 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында Мирлан Амантуров колдогон компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген. Мэрия тарабынан өз убагында каржылоо болгонуна карабастан, аткаруучу компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер толук аягына чыккан эмес.

29-декабрда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку вице-мэр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.

Copyright © 2017 Maral FM