Биз менен байланышыңыз

Гүлбара Калиева Жапаровду актаган чечим боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 1094 | 0

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева президенттикке талапкер Садыр Жапаровду актаган чечим боюнча түшүндүрмө берди. Ал «Азаттык» радиосунун түз эфиринде маек куруп жатып, Жапаров тууралуу иш тергөөгө өткөрүлгөнүн айтты.

Ишти жаңы жагдайлар боюнча карап бергиле деп, адвокаттары расмий түрдө арыз алып келген. Мен бул ишке аралашпайт элем, бирок ошол күнү жумушта орун басарым да жок, өзүм үч судьядан турган соттук курам түзүп, ошол ишти кароону тапшыргам. Иштин материалдарын Биринчи май райондук сотунан алдырганбыз. Менин эсимде калган маалымат боюнча, кечки 6-7де бүтүрүшкөн. Башкы прокуратура аларды актоону суранган. Ал сунуш бардык актыларда бар. Бирок сот буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген.

Калиеванын айтымында, жоопко тартылган адамдардын күнөөсү жок болуп, аларга куугунтук жасалган болсо, тергөө органдары аныкташы керек. Эгер куугунтук болгону чын болсо, прокуратуранын макулдугу менен тергөө органдары ишти кыскартып кое алат.

Жапаров, Ташиев, Мамытовдор толук акталды

Эске салсак, Жогорку Сот 19-октябрда президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана парламенттин азыркы спикеринин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган.

2012-жылы Ташиев, Жапаров жана Мамытовдорго бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголгон.

16-октябрда аталган иштин материалдары каралып, «кылмыштын белгилери табылган жок» деген негизде жогоруда айтылган адамдарды актаган чечим чыгарылды.

Талант Мамытов менен Камчыбек Ташиевдин соттуулугу жоюлган. Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Ал 2017-жылы өлкөгө кирерде кармалган. 6-октябрда Бишкектеги башаламандыктар учурунда абактан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM