Биз менен байланышыңыз

«2021-жыл жалаң референдум, шайлоолордун жылы болушу мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2020 | 787 | 0

2021-жыл жалаң референдум, шайлоолордун жылы болушу ыктымал. Мындай пикирин саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде эл 2021-жылдын 10-январына белгиленген конституциялык референдумда президенттик башкарууну тандап алса, анда аталган системадагы Башмыйзамды кабыл алуу үчүн референдум өткөрүү керек. Өлкө башчынын ыйгарым укуктары өзгөргөндүктөн, президентти да кайрадан шайлоого туура келет.

2020-жылда саясат, экономикада катастрофалык мүнөздөгү окуялар болуп, аталган тармак төмөндөп бара жатат. Саясаттта да ушундай эле көрүнүш.

«Өлкөдөгү оор абалдарга парламенттин түздөн-түз тиешеси бар»

Copyright © 2017 Maral FM