Биз менен байланышыңыз

WhatsApp жаңы жылдан тарта кээ бир смартфондордо иштебейт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 1002 | 0

Жаңы жылдан тарта WhatsApp мессенджери айрым смартфондордо иштебей калат. Өзгөрүүлөр операциялык системасы эскирип калган iOS жана Android аппараттарда болот.

Mirror басылмасынын маалыматына караганда, өзгөрүүлөр Android 4.0.3,  iOS 9 жана ага чейинки операциялык системаларга киргизилет.

WhatsApp бул жаңыланууну жыл сайын жасап келет. Аны компания эски гаджеттер мессенджердин жаңыланууларын көтөрбөгөндүгү менен түшүндүргөн.

2020-жылы WhatsApp мессенджердин иштешине жана аны колдонуу эрежелерине бир нече жолу жаңыланууларды киргизди. Апрель айында компания кайра-кайра жөнөтүлүп  турган билдирүүлөргө чектөө киргизгенин жарыялаган. Эми аларды бир чатка бир эле жолу жөнөтсө болот. WhatsApp түшүндүргөндөй, пандемия учурунда адамдар мессенджерди көбүрөөк колдоно башташкан, мындан улам чектөөлөр «фейктер» менен күрөшүү үчүн киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM