Биз менен байланышыңыз

Британияда жайылган коронавирустун жаңы түрү Германиядан да табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 441 | 0

Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы түрү Германияда да катталды. Бул тууралуу «Euronews» маалымдады.

Жекшемби күнү, 20-декабрда Британ өлкөсүнөн Франкфурт-на-Майнеге учуп келген аялдын тестинен вирус аныкталган. Ошол күндөн бери ал обочолонууга алынган.

16-декабрдан тарта Германияда катаал карантин чаралары киргизилген. Ал 10-январга чейин уланары күтүлүүдө. Учурда Германияда азык-түлүк саткандар, банк, аптека, почта жана май куюучу жайларга гана иштөөгө уруксат берилген.

Борбордогу карантиндик шартты эске алуу менен бийлик 30-декабрда 22 миңден ашык кишинин катышуусунда өтөрү болжолдонгон катаал карантинге нааразы болгондордун демонстрациясына тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM