Биз менен байланышыңыз

Шаршеев: 2021-жыл эң оор жыл болору айтылууда

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Дек 2020 | 2364 | 0

2021-жыл — эң оор жыл болот. Бул тууралуу Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын төрагасы Искендер Шаршеев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экономисттер ИДӨнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5.7 %га аз болуп калышы ыктымал экенин белгилешүүдө.

2021-жылы да абалдан чыгып кетүүгө болот. Анткени пандемия айыл чарбасына, соодага көп сокку урган жок. Көбүрөөк туризм, өндүрүш, кен казуу жана каржылык сектор катуу жабыркады. 2021-жылы да аталган тармактар сокку жейт, бирок кошумча ресурс бар.

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл курулуш тармагынын кирешеси 80 пайызга төмөндөп кетти. Кафе, ресторандардын кирешеси дээрлик 40 %га азайды.  Ал эми соода-сатык 5 %га солгундады.

Дары-дармек сатуу 3%га, IT тармагы 26 %га жогорулады.

Copyright © 2017 Maral FM